Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:01

Өмүрбек Бабанов Москвада ишкерлик кылып жатат


Өмүрбек Бабанов.
Өмүрбек Бабанов.

"Республика - Ата Журт" партиясынын мурдагы лидери, Жогорку Кеңештин муруңку депутаты Өмүрбек Бабанов учурда Москвада ишкерлик менен алектенүүдө. Бул тууралуу анын санаалашы, парламент депутаты Руслан Казакбаев "Азаттыкка" билдирди:

- Ишкерлик гана кылып жатат. Саясатка аралашкан жок. Качып да жүргөн жок. Москвада өз кеңсесинде иштеп, дарыланып да жүрөт. Ал майда ишкер эмес, чоң ишкер экенин билесиңер. Саясатта жүргөн кезинде эле ишкерлик жаатында кыялданган көп долбоорлору бар эле. Азыр ошону менен алек. Жолугуша элекмин, телефондон сүйлөшүп турат. Кыргызстанга качан келет же келбейт, билбейм.

Өмүрбек Бабанов 2017-жылдын күзүндө өткөн президенттик шайлоодо ат салышып, утулган. Андан соң чет өлкөгө дарыланганы кеткени кабарланган. Декбардын соңунда өзү саясаттан чыкканын жарыялаган. 19-январда БШК “Республика” партиясынын лидерин өз арызынын негизинде Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажыраткан.

Бабанов шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөр Конституциялык түзүлүшкө каршы келери белгиленип, кылмыш иши козголгон. (SE\UEz)

XS
SM
MD
LG