Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:01

12-апрелде жаан-чачын болбойт


Жылуу-Суу өрөөнү.
Жылуу-Суу өрөөнү.

Кыргызгидромет 11-12-апрелде Чүй жана Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде -2 градус үшүк жүрөрүн эскертти. Мындай аба ырайы эрте бышкан алма, өрүк жана алчага зыян.

Өлкөнүн тоолуу жолдорунда кар көчкү жүрүү коркунучу бар. Дарыяларда суу кирип, тоо этектеринде сел жүрүшү ыктымал.

12-апрелде жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу жолдорго муз тоңот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1...6, күндүз 15...20,

Талас жергесинде түнкүсүн 0...-2, күндүз 15...20,

Ош, Баткен жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 2...7, күндүз 16...21,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1...-6, күндүз 12...17,

Нарын облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз 12...17,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15...-20, күндүз 2...7.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 1…3 градус, күндүзгү жогорку температурасы 18…20 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG