Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:59

Индонезияда жасалма аракка ууланып өлгөндөр 80 кишиден ашты


Индонезиянын баш калаасы Жакарта шаары.
Индонезиянын баш калаасы Жакарта шаары.

Индонезияда жасалма аракка ууланып каза тапкандардын саны сексенден ашты. 130дай киши ооруканага түштү. Батыш Ява провинцияларынын ооруканаларына уулануу белгилери менен алгачкы бейтаптар 10-апрелде түшө баштаган.

Полиция билдиргендей, жасалма алкогол атайын лабораториядан өткөрүлүп, анын курамында метил спирти, жөтөлдүн дарысы жана курт-кумурскаларга каршы пайдаланылчу суюктук болгону аныкталган. Мындай аралашма минералдык суунун шишесине куюлуп сатылган. Учурда аны жасаган жана саткан адамдар кармалды.

Эксперттердин айтымында, жасалма арактын кеңири жайылышына Индонезияда спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салган мыйзам да түрткү болууда.

Дүйнөнүн эң ири мусулман мамлекетинин 240 миллионго жакын калкы бар.

XS
SM
MD
LG