Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:34

Алжирде аскер учагы кыйрап, 250дөй киши курман болду


Алжирдин желеги
Алжирдин желеги

Алжирдин Коргоо министрлиги кыйраган учакта негизинен аскерлер жана алардын үй-бүлөлөрү болгонун билдирди. Учакта 247 жүргүнчү жана экипаждын 10 мүчөсү бараткан.

Аскердик учак Алжирдин түндүгүндөгү Боуфарик аэропортуна жакын жерге кулап түшкөнүн маалымат каражаттары жазышты.

Телеканалдар жерде жаткан учактын калдыктары түтөп күйүп жатканын көрсөтүштү.

"Алжир 24" агенттиги аскердик жүк ташыган учак аэропорттон көтөрүлгөндөн бир нече мүнөт өткөн соң кулаганын кабарлады.

Жаңылыктар агенттигинин маалымдашынча, "Ил-76" учагы Алжирдин түштүгүндөгү Бешар шаарына сапар алган. Учак эмне себептен кыйраганы азырынча белгисиз.

Боуфарик шаары Алжир шаарынан 30 чакырым алыс жерде жайгашкан.

XS
SM
MD
LG