Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:39

АКШ - Мексика чегинде дубал көтөрүлө баштады


АКШ - Мексика чек арасы
АКШ - Мексика чек арасы

Кошмо Штаттар Мексика менен чек арасында дубал көтөрө баштады. Анын узундугу 30 чакырымды түзөрү маалым болду. АКШнын чек ара кызматы билдиргендей, дал ушул тилкеде эң көп мыйзамсыз мигранттар кармалат жана маңзатты алып өтө турган башкы жол деп эсептелет.

Статистикага ылайык, мына ушул аймактан былтыр эле 25 миңдей мыйзамсыз мигрант кармалган. Курулушу 73 миллион доллар турган бул дубал бир жарым жылда бүтөрү айтылууда.

Өткөн жумада президент Трамп чек араны бузгандар "сот чечимине чейин кое берилбесин" деген меморандумга кол коюп, чек арага Улуттук гвардиянын төрт миңдей аскерин жөнөткөн. Буга жооп чара катары Мексика президенти Энрике Пенья Ньето өз өкмөтүнө кайрылып, эки өлкө ортосундагы бардык тармактар боюнча кызматташууну басаңдатууну суранды.

Айрым эсептөөлөргө караганда АКШ-Мексика чегине дубал курууга 70 млрд. доллар кетет.

XS
SM
MD
LG