Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:30

ЖЭБ чыры: Жантөрө Сатыбалдиев депутаттык комиссияга маалымат берди


Жантөрө Сатыбалдиев.
Жантөрө Сатыбалдиев.

Бишкек Жылуулук электр борборунда болгон авариянын себептерин иликтеген убактылуу депутаттык комиссия 11-апрелде 2012-2013-жылдары премьер-министр болуп иштеген Жантөрө Сатыбалдиев менен Жогорку Кеӊештин депутаты Чыныбай Турсунбековдун маалыматын укту.

Мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Бишкек ЖЭБин оӊдоо маселеси жыйырма жыл мурда эле көтөрүлүп, 2012-2017-жылдарга карата өлкөнү өнүктүрүү стратегиясына киргизилгенин билдирди:

- Бул маселе кийин Коопсуздук кеӊешинде да каралган. Ошондон улам мекеме аралык комиссия түзүлүп, ЖЭБдин абалын иликтеп чыккан. Аны реконструкциялоо боюнча 4 компаниядан сунуш түшкөн. Бирок насыя каражатын бере турган Кытай тарап өздөрүнүн ТВЭА компаниясын нота түрүндө сунуш кылган. Андан кийин мен кызматтан кеттим, кандай иштер жасалганын билбейм.

Жантөрө Сатыбалдиевдин маалыматы боюнча, Кытай тарап жеӊилдетилген насыядан башка жаӊы мектеп имаратын куруш үчүн 2 млн. доллар каражат, ошондой эле 20 млн. доллар өлчөмүндө техникалык грант бөлүүгө да убада берген.

Депутат Чыныбай Турсунбеков 11 депутаттан турган топ ТВЕАнын иши менен таанышканы Кытайдын Үрүмчү аймагындагы Чанша шаарына барганы жөнүндө маалымат берди. Турсунбековдун айтуусунда, Кытайга кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү кошо барган. Сапарда ТВЭА компаниясына тийиштүү ишканалардын абалы, алардын чыгарган техникалык жабдууларынын сапаты менен таанышуу болгон.

Жантөрө Сатыбалдиев менен Чыныбай Турсунбеков депутаттык комиссия мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берип, Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептери тууралуу пикирлерин да айтышты.

Депутаттык комиссиянын төрагасы Улан Примовдун журналисттерге билдиргени боюнча, Бишкек ЖЭБиндеги аварияны иликтеген депутаттык комиссияда көптөгөн маалыматтар жана документтер чогулган. Булардын негизинде комиссиянын корутундусу даярдалууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG