Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Гаага соту серб улутчулун актаган өкүмдү жокко чыгарды


Воислав Шешел, 12-ноябрь, 2014-жыл
Воислав Шешел, 12-ноябрь, 2014-жыл

Улуттар Уюмунун соту сербиялык улутчул саясатчы Воислав Шешелди актаган өкүмдү жарым-жартылай жокко чыгарды. Аскерий кылмыштарга жана адамзатка каршы кылмыштарга айыпталган Шешелди сот 10 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алды. Саясатчы 12 жыл камакта отуруп чыккандыгына байланыштуу бул жазаны өтөбөйт.

2016-жылдын жазында Улуттар Уюмунун трибуналы сербиялык улутчул саясатчы Воислав Шешелди актаган өкүм чыгарган. Бирок прокурорлор Шешелди адамзатка каршы кылмыш боюнча үч берене, ал эми согуш кылмышы боюнча алты берене менен айыпташып, 28 жылга эркинен ажыратууну же жаңы соттук териштирүү белгилөөнү суранышкан.

Шешел 1990-жылдары Балкан согушу кезинде аскерий кылмыш жасаган деп айыпталган. 2003-жылы Гаага сотуна өз ыктыяры менен келген. Айыптоочу тарап аны 28 жылга эркинен ажыратууну сурап, бирок сот иши созулуп кеткен. 2014-жылы ден соолугуна байланыштуу "адамгерчилик негизде" түрмөдөн бошотулган.

1990-жылы Югославиянын жети мамлекетке бөлүнүүсүнөн кийин чыккан согуш 130 миңдей адамдын өмүрүн алган.

XS
SM
MD
LG