Линктер

жекшемби, 19-август, 2018 Бишкек убактысы 12:38

Азербайжандагы шайлоодо Илхам Алиев алдыда


Илхам Алиев.

Бир канча социологиялык компаниянын экзит-полл жыйынтыктары боюнча Азербайжандагы президенттик шайлоодо өлкөнүн азыркы башчысы Илхам Алиев алдыда чыгып, шайлоочулардын 82-86% добушун алды.

Расмий маалыматтарга караганда, шайлоочулардын 70 пайыздан ашыгы добуш берди.

Оппозиция мыйзам боюнча жарым жылдан кийин өтүшү керек болгон шайлоого бойкот жарыялоону чечкен. Оппозиция өкүлдөрү бийлик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу менен потенциалдуу талапкерлердин шайлоо өнөктүгүнө жакшылап даярданышына тоскоол кылды деп эсептешүүдө.

2016-жылы Азербайжанда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтүп, президенттин мөөнөтү беш жылдан жети жылга чейин узартылган. Мурдагы азери лидери Гейдар Алиевдин уулу Илхам Алиев атасынын мураскери болуп, өлкөнү дээрлик 15 жылдан бери башкарып келатат.

XS
SM
MD
LG