Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Сейдикум айыл аймагында 110 турак үй суу каптоо коркунучунда турат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 28-марттагы жаандан улам Кара-Үңкүр дарыясында суу кирип, андан бери кооптуу абал сакталууда. Алдын алуу иштерине айыл өкмөттөн бир техника бөлүнгөн.
Жакын аралыкта атайын кыркылган таштар жоктугуна байланыштуу 11-апрелде жээкти бекемдөө иштери жасалган жок. Жумуштар 12-апрелде жанданаары кабарланган.
Cуу ташкын коркунучунан улам Сейдикум айыл аймагына өзгөчө кырдаал киргизилген.
Андан тышкары Ош облусун аралап өткөн Кара-Дарыянын да суусу көтөрүлүп, Өзгөндүн Баш-Дөбө айылында 250 гектардан айдоо аянтын суу каптады. Өкмөт башчы тийиштүү кызматтарга алдын алуу иштерин ыкчам жүргүзүүнү тапшырган. (SE)