Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:04

Депутат Тогуз-Тородогу окуяны териштирүүнү талап кылды


Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда жергиликтүү тургундардын акциясында "Жи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын имараты өрттөлдү.
Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда жергиликтүү тургундардын акциясында "Жи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын имараты өрттөлдү.

"Кыргызстан" фракциясынын мүчөсү Айтмамат Назаров Тогуз-Тородо "Жи Эл Макмал Девелопинг" компаниясына таандык кеңсенин өрттөлүшү боюнча маселени 12-апрелде парламентте жалпы отурумда көтөрдү. Анын айтымында, бул окуя өлкөнүн аброюна шек келтирет:

- Биз бул маселени мурда да көтөргөнбүз. "Кыргызалтындын" башчысы бул ишканага эч кандай тиешеси жоктугун айткан. Анда эмне үчүн ишкананын аймагында завод курулуп жатканын башчысы билбейт? Бул кенди иштетүүгө тогузторолуктар баары каршы экен, эмне үчүн элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн эмес? Эки айдан бери бир да жетекчи басып барбаптыр, баргандардын баары орун басарлар. Аким иштен алынды. Анын кандай күнөөсү бар? Жерди берип, курулушка уруксат бергендерди жазалаш керек.

Депутат бул маселеге тиешелүү көңүл бурбаганы үчүн Жалал-Абад облусунун жетекчилигинин жоопкерчилигин карап көрүүнү сунуш кылды.

11-апрелде Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда "Жи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын ишмердигине каршы нааразылык акциясынын учурунда ишкананын курулушу бүтө элек имараты өрттөлгөн.

Ички иштер министрлигинин расмий маалыматына ылайык, нааразылык акциясына миңдей киши катышты. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, чогулгандар тартип сакчыларына да таш ыргытып, Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, эки милиционер жана бир жергиликтүү тургун жабыркап, райондук оорукананын хирургия бөлүмүнө жаткырылды.

Бул жагдайга байланыштуу райондун акими Тилек Идирисов кызматтан бошотулду. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлаган. (ZKo)

Тогуз-Тородогу акцияда имараттар өрттөлдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:30 0:00

XS
SM
MD
LG