Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:59

Тогуз-Торого кошумча милиция жиберилди


Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда жергиликтүү тургундардын акциясында "Жи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын имараты өрттөлдү.
Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда жергиликтүү тургундардын акциясында "Жи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын имараты өрттөлдү.

Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районундагы кырдаалга байланыштуу аймакка Бишкектен милициянын кошумча күч тобу жиберилди. Алар кырдаалга көз салышарын "Азаттыктын" күч түзумүндөгү булактары билдиришти.

11-апрелде Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда "Жи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын ишмердигине каршы жергиликтүү тургундар нааразылык акциясына чыгышкан. Ички иштер министрлиги акция учурунда ишкананын курулушу бүтө элек имараты өрттөлгөнүн кабарлаган. Чогулгандар тартип сакчыларына да таш ыргытып, Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, эки милиционер жабыркаганы маалымдалган. Ал күнү тартип сактоого 80 милиция кызматкери тартылган.

Бул окуяга байланыштуу райондун акими Тилек Идирисовду өкмөт башчы Сапар Исаков кызматтан бошотту. Жогорку Кеңештин депутаттары да тынчыздануусун билдирип, кырдаалды жөнгө салуу зарыл экенин билдирип чыгышкан. (EBM)

Тогуз-Тородогу акцияда имараттар өрттөлдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:30 0:00

XS
SM
MD
LG