Линктер

дүйшөмбү, 19-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 03:23

Кыргызстанда 90 киши гемодиализге кезек күтүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жасалма бөйрөк жабдуусуна түшкөн кишилердин саны күн сайын 4-5 кишиге көбөйүүдө. 11-апрелге карата гемодиализ менен акысыз камсыз кылуунун мамлекеттик программасына 90 бейтап кезек күтүп жатат.

Бул маселени тез арада чечпесе сыркоолордун абалы күн сайын начарлап жатканын саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев менен жолугушууда Гемодиализдеги бейтаптар биримдигинин жетекчиси Венера Ташманбетова билдирди.

2018-жылы гемодиализ кызматы мамлекеттик-менчик формага өтүп, өлкөдө үч жаңы диализ борбору курулмай болду.

Дүйнөдө 195 миллион адам бөйрөктүн өнөкөт оорусуна чалдыккан. Жылына 600 миң адам андан көз жумууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG