Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:35

"Кыргызмунайгаздын" акционерлер жыйыны чуу менен коштолууда


"Кыргызмунайгаз" ишканасы.
"Кыргызмунайгаз" ишканасы.

"Кыргызмунайгаздын" акционерлеринин жыйыны ызы-чуу менен коштолууда. Төрт жүздөй акционер бүгүн Кочкор-Ата шаарындагы маданият үйүнө жылдык жыйынга чогулган.

Башкармалыктын төрагасы Рашид Бостонов былтыр аткарылган жумуштар боюнча баяндама жасады. Катышуучулар "элдин колундагы акциялары чогултулуп, Орусияга таандык "Газпромго" сатылат" деген маалыматтардын чын-төгүнүн сурашты. Жетекчилик буга ачык жооп берген жок. Ызы-чуудан улам микрофон өчүрүлүп, айрымдары трибунага чыгып талаптарын айта башташты.

1950-жылы Майлуу-Суу-4, Избаскент жана Чыгыш Избаскент мунай кендеринин ачылышы менен 1955-жылы "Кыргызнефть" мунай өндүрүү башкармалыгы түзүлгөн. 1997-жылы ал өкмөттүн токтому менен "Кыргызмунайгаз" ачык акционердик коомуна айландырылган. Азыр ишкананын 85,16% акциясы Мамлекетик мүлк фондуна, 3,9% Социалдык фондго, калганы юридикалык жана жеке жактарга тиешелүү.

Ишкананын 2 миңден ашык акционери бар. (RsK)

XS
SM
MD
LG