Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:57

Президент Жээнбеков Алжир элине көңүл айтты


Кырсыкка учураган учак.
Кырсыкка учураган учак.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жүздөгөн адамдын өмүрү кыйылган учак кырсыгына байланыштуу Алжир элине көңүл айтты.

Алжир Элдик Демократиялык Республикасынын президенти Абдел Азиз Бутефликага жазылган катта Жээнбеков жалпы кыргыз элинин атынан көңүл айткан.

11-апрелде Алжирде аскер учагы кыйрап, 260тай киши мерт болгон. Өлкөнүн Коргоо министрлиги кыйраган учакта негизинен аскерлер жана алардын үй-бүлөлөрү болгонун билдирди.

"Ан-Нахар" авиакомпаниясына таандык учак Блида аймагында, Боуфарик аэропортуна жакын жерге кулаган. Кырсыктын себептери азырынча белгисиз.

Боуфарик шаары Алжир шаарынан 30 чакырым алыс жерде жайгашкан. (SE)

XS
SM
MD
LG