Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:25

Базар-Коргондо бала бакчанын имараты айыл өкмөткө кайтарылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Базар-Коргон райондук прокуратурасынын сунушу менен Абдраимов айылындагы “Росинка” бала бакчасы Кеңеш айыл өкмөтүнө өткөрүлүп берилди. Башкы көзөмөл органы "Азаттыкка" кабарлагандай, бул бала бакча 2004-жылы бак-шагы менен ”Кара-Үңкүр суу курулуш” акционердик коомуна, Социалдык өнүктүрүү министрлигинин балансына өткөрүлгөн. Ошондон бери бала бакчанын имаратына балдарга тиешеси жок мамлекеттик мекеме жайгашып, иштеп келген.

Базар-Коргон райондук прокуратурасы 2013-жылы бул келишимди жокко чыгарууну өтүнүп, Жалал-Абад облусундагы район аралык сотко кайрылган. Сот прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырган. Былтыр сентябрь айында Жогорку сот баштапкы сот чечимин күчүндө калтырган.

2018-жылдын 16-мартында прокуратуранын сунушу менен "Росинка" бала бакчасы Кеңеш айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берилген. Учурда имаратты бала бакча катары иштетүү боюнча аракеттер көрүлүүдө.

Прокуратура тарабынан акыркы беш жылда мамлекеттик менчикке 89 бала бакча кайтарылып берилген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG