Бул тууралуу 12-апрелде парламентте АРИСтин өкүлү билдирди. Анын айтымында жаңы мыйзам кабыл алынса, өлкөнүн Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы 53 айыл таза суу менен камсыз болот.
Бүгүн Жогорку Кеңеш кыргыз өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Айылдарды таза суу менен жабдууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү” долбоорун кошумча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо маселесин карап жатат.
Макулдашуудагы долбоорду ишке ашырууга Кыргызстандын бюджетинен 500 млн. сом бөлүнөт. Финансы министрлигинин өкүлүнүн маалыматы боюнча 53 айылга таза суу киргизүүгө 5-6 жыл берилген. Бул маалыматка ЖК төрагасы Дастан Жумабеков макул болбой, аны өтө эле узак убакыт деп баалады.
Элди таза суу менен камсыз кылыш үчүн жыл сайын мамлекеттик бюджеттен 1 млн. сом бөлүнүп берилет.
Быйыл январда Кыргызстанда “Таза суунун" ордуна "Ала-Тоо булагы" деген жаңы долбоор ишке кирген. Ага чейин “Таза суу” долбоору он үч жыл иштеп, эл аралык донорлордон миллиондогон каражаттар келген. Бирок жаңы түтүктөр орнотулган айылдардын жарымында суу чыкпай калганы, иштер сапатсыз жасалганы, тендер коррупция менен коштолгону ачыкка чыккан.
"Ала-Тоо булагы" аттуу долбоор АРИС менен чогуу ишке ашырылганы жатат. Дүйнөлүк банк жана Ислам өнүктүрүү банкы ага жалпысынан 6 миллиард 538 миллион сом берет деп айтылган. (ZKo)