Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:48

Лицензияны аукционго коюу демилгесинин авторлугу талашка түштү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Парламенттеги Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев кен байлыктарды иштетүүгө уруксат берүүчү лицензияларды аукционго коюу менен мамлекеттик бюджетке каражат түшүрүү демилгесин мурунку чыгарылыштагы депутаттар, анын ичинде өзү көтөргөнүн парламенттин 12-апрелдеги отурумунда билдирди:

- Мурунку бийликтердин тушунда 300 сомдон сатылып келген лицензияны аукцион аркылуу баалоо демилгесин, 5-чакырылыштагы депутаттар, анын ичинде Исхак Пирматов менен мен чогуу көтөрүп, иштеп, жазып, мамлекеттик бюджетке 19 млрд. сомго жакын каражат түшүрдүк. Бүгүнкү күнгө чейин салыктан тышкары 2% төлөмдү "пирматовдуку" деп айтып жүрүшөт. Бул мыйзамды да өкмөт алып келбей, биз көшөрүп атып, алдырып келгенбиз.

Кожобек Рыспаевдин маалыматын "Республика - Ата Журт" фракциясынын мүчөсү Мирлан Жээнчороев четке кагып, кен байлыктарын иштетүүгө уруксат берүүчү лицензияны аукцион аркылуу сатуу демилгеси 2012-жылы Өмүрбек Бабанов премьер-министр болуп турган учурда көтөрүлүп, аткарылганын айтты:

- Тарых үчүн айтып коеюн, 2012-жылы Бабанов жетектеген коалициялык өкмөттүн демилгеси менен аукцион сыяктуу жаңы мыйзамдар жазылган. Авторлор али арабызда. Көзү жокто баарыбыз төшүбүзгө орден-медал таккан болбойт.

Депутат Кожобек Рыспаев парламенттин депутаттары да бул мыйзамдардын жазылышына салымы бар экенин "тарых үчүн белгилеп коюш керек" деди.

Кыргызстандагы тоо-кен байлыктарын иштетүү боюнча лицензиялар иштетилбей, колдон-колго кымбат баага сатылып жүргөнү тууралуу эл арасында нааразы кептер айтылып келет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG