Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:16

Трамп: Сирияга абдан жакын арада сокку урулушу да, урулбай да калышы мүмкүн


Дональд Трамп Сирия боюнча Ак үйдөгү жыйында. 9-апрель, 2018-жыл.
Дональд Трамп Сирия боюнча Ак үйдөгү жыйында. 9-апрель, 2018-жыл.

АКШнын президенти Дональд Трамп бул тууралуу бүгүн “Твиттердеги” баракчасы аркылуу билдирди. “Сирияга сокку качан урулаарын эч убакта айткан эмесмин", ал "абдан жакын арада болушу мүмкүн же такыр эле жакын арада эмес”,- деп жазды Трамп.

АКШ президентинин бул сөздөрү Батыш лидерлери Сириянын козголоңчулар ээлеп турган шаарчасындагы химиялык чабуул деп болжолдонгон окуядан кийин аба соккуларына даярданып жаткандай көрүнгөн учурда айтылды.

Мунун алдында Ак үйдүн өкүлү Сара Сандерс Трамптын улуттук коопсуздук боюнча тобу Сириядагы химиялык чабуулга жооп катары “бир нече вариантты” 11-апрелдеги жыйында да талкуулаганын, бирок биротоло чечимге келе электигин билдирген.

Ал арада Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гутеррештин билдиргенине караганда, ал Коопсуздук кеңешинин вето укугуна ээ болгон мүчөлөрүнүн элчилерине “азыркы туңгуюктагы кооптуу жагдайларга байланыштуу терең тынчсызданганын айткан”. Вето укугу АКШда, Британияда, Францияда, Орусияда жана Кытайда бар.

Гутерреш маалымдагандай, ал “кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетпеши зарыл экенин баса белгиледи”.

Сирияда Чыгыш Гута аймагынын козголоңчулар ээлеп турган Дума шаарчасында 7-апрелде хлор газы колдонулган химиялык чабуул коюлганы тууралуу кабарлар тараган. Активисттердин, оппозиция өкүлдөрүнүн, куткаруучулардын айтымында, анын айынан кеминде 43 кишинин өмүрү кыйылган, алардын арасында балдар да бар.

Дамаск менен Москва "эч кандай химиялык чабуул болгон эмес" деп билдирип жатышат.

Орусия өз тарабынан Сирияга ракеталык сокку уруунун кесепети “өтө оор“ болорун эскерткен.

Сириядагы химиялык чабуул деп болжолдонгон окуяга аскердик жооп берүү маселесин бүгүн британ өкмөтү да талкуулаганы жатат. Британиянын премьер-министри Тереза Мэй кечээ бардык белгилер адамды “дендароо кылган жана жапайычылык актыга” Сириянын өкмөтү жоопкер экенин көргөзүп жатканын белгиледи.

10-апрелде Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Сириядагы соңку химиялык чабуул катары болжолдонгон окуяны иликтөө маселесинде мунаса таба албай, туңгуюкка кептелген. (UE)

XS
SM
MD
LG