Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:49

Ош шаары менен Ярославль шаары достук келишимин түзүштү


Оштогу Сулайман-Тоо.
Оштогу Сулайман-Тоо.

11-апрель күнү Бишкекте өткөн “Мыкты муниципалдык практикалардын” V форумунда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Ярославль шаарынын мэринин коомчулук менен байланыш, эл аралык мамилелер боюнча орун басары Вячеслав Гаврилов менен жолугуп, эки шаар ортосунда кызматташтык боюнча протоколго кол коюшту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтык тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп, 2018-жылы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык багыттагы иш-чараларды өткөрүү боюнча келишимдер түзүлдү.

Шаар башчы Айтмамат Кадырбаев инвестиция тартуу, туризмди өнүктүрүү, билим берүү, маданият жана башка багыттарда тажрыйба алмашуу менен бир топ жакшы ийгиликтер боло турганын билдирип, Ош шаарынын мэриясы Ярославль шаары өткөрө турган иш-чараларды ар дайым колдоого даяр экенин билдирди.

Ош шаары 16 шаар менен достук келишимин түзгөн. Алардын ичинен Орусиянын Санкт-Петербург жана Новосибирск шаарлары менен кызматташып келген. (MdN)

XS
SM
MD
LG