Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:29

OPCW Солсберидеги ууландыруу боюнча Британиянын бүтүмүн ырастады


Юлия Скрипалдын (оңдо) атасы Сергей Скрипаль дагы эле ооруканада.
Юлия Скрипалдын (оңдо) атасы Сергей Скрипаль дагы эле ооруканада.

Химиялык куралга каршы эл аралык уюм Солсбери шаарында орусиялык мурдагы чалгын офицерин жана анын кызын ууландырууда колдонулган химиялык зат боюнча Британия чыгарган анализдерди ырастады.

Уюм өз бүтүмүндө ал химиялык заттын атын атабаганы менен иликтөөчүлөрү Британия чыгарган тыянактар менен макул экендигин белгилеген.

Расмий Лондон мурдагы чалгын офицери Сергей Скрипаль менен анын кызын 4-мартта ууландырууда адамдын нервин шал кылган “Новичок” деген зат колдонулганын билдирип, бул үчүн Орусияны айыптаган. Москва болсо Лондондун дооматтарын утур-утур четке кагып келатат.

Ууландыруу окуясына жооп иретинде Британия, АКШ баштаган жыйырмадан ашуун мамлекет чыгарган орус дипломаттарынын саны 150дөн ашкан. Орусия да буга ушундай эле чара менен жооп берген.

Ооруканадан 10-апрелде чыгарылган Юлия Скрипалдын атынан британ полициясы кечээ тараткан билдирүүдө ал “дал ушул учурда” Орусиянын эч бир жардамына муктаж эмес экени айтылат. 33 жаштагы Юлия Скрипаль - Орусиянын жараны. (UE)

XS
SM
MD
LG