Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:26

Президенттин кийинки чет элдик сапары Кытайда өтөт


Сооронбай Жээнбеков
Сооронбай Жээнбеков

Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди. Анын айтымында, Жээнбеков президенттикке киришип жатканда көп векторлуу, ырааттуу саясат жүргүзөөрүн билдирген. Эми дал ушул ыраатта сапарлар уюштурулууда:

- Президент алгачкы сапарларын Борбор Азия жана Орусиядан баштаган. Андан соң Түркия жана Европа Биримдигине сапар уюштурулду. Эми болсо Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин утурлай кийинки сапарды Кытайга жасайт.

Кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков 11-апрелде Бельгиянын борбору Брюсселге иш сапар менен барды. Анда Европа Биримдигинин жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. (BkA)

XS
SM
MD
LG