Линктер

жума, 20-июль, 2018 Бишкек убактысы 08:30

Бүгүн Жогорку сот тынч митингдерди өткөрүүгө байланыштуу “Жашылдар” партиясынын арызын карады. Партиянын жетекчиси Эркин Бөлөкбаевдин “Азаттыкка” айтканына караганда, партия Ленин райондук сотунун 1-апрелден 15-апрелге чейин митинг өткөрүүгө тыюу салган чечимин жокко чыгарууну соттон өтүнгөн.

- Биз 16-мартта мэрияга 3-апрелде “Биз тумчугуп жатабыз” деген акцияны өткөрөрүбүздү кабарлаганбыз. 26-мартта кошумча маалымдадык. 29-мартта райондук милиция митинг өткөрүүгө тыюу салуу жөнүндө Ленин райондук сотуна арыз жазыптыр. Сот 1-апрелден 15-апрелге чейин митинг өткөрүүгө тыюу салган. Биз тынч митинг өткөрүү боюнча 14-беренеге таянып сотко доо арыз менен кайрылганбыз.

Бөлөкбаевдин айтымында, буга чейин Бишкек шаардык соту чечимди жокко чыгаруу тууралуу партиянын арызын карап, бирок аны канааттандырган эмес.

Райондук соттун чечимин Жогорку соттун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы карап, аны жокко чыгарганын аталган мекеменин басма сөз кызматы “Азаттыкка” ырастады.

Бир нече коомдук уюмдардын мүчөлөрү жана жарандык активисттер баш калаадагы бактардын кыйылышына каршы 3-апрелде шаар мэриясынын алдына митингге чыгышкан. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG