Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:25

Юнкер: Кыргызстандын эли улуу эл, Европа Кыргызстанды дайыма колдойт


Жан-Клод Юнкер
Жан-Клод Юнкер

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Брюсселдеги сапарынын алкагында 12-апрелде Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер менен жолугушту. Андан соң Сооронбай Жээнбеков менен Жан-Клод Юнкер маалымат каражаттарына билдирүү жасашты. Анда Юнкер Кыргызстанда 2017-жылы шайлоо аркылуу бийликтин тынч жол менен алмашканынын маанисин белгиледи. "Кыргызстан биздин маанилүү өнөктөш. Биз бул мамилени дагы тереңдеткибиз келет. Ошондуктан жаңы келишим даярдап жатабыз жана эртерээк кабыл алынышын каалайбыз" деди.

Ошондой эле Юнкер Жээнбековду коррупцияга каршы күрөш, адамдын фундаменталдык укуктарын сактоо, сөз эркиндиги жаатындагы иштерди улантууга үндөдү. Ал кыргыз президенти Бишкекке чакырганын, жакын арада атайын сапар менен бараарын кошумчалады. "Мен Кыргызстандын элине суктанып келем. Ал жакта улуу эл жашайт. Бул өлкөнүн регионалдык жана глобалдык мааниси чоң. Кыргызстандыктарга таандык болгон сапаттар европалыктарга да жат эмес. Европа Биримдиги Кыргызстанды дайым колдойт" деди.

Ал ошондой эле Кыргызстан менен ЕБ ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашканын билдирди.

Ал эми Жээнбеков Юнкер менен сүйлөшүү ачык маанайда өткөнүн, Еврошаркет өлкөнүн негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин айтты. Ал Кыргызстандын бул уюм менен кызматташтыкты тереңдетүүгө ар дайым кызыкдарлыгын кошумчалады.

Жээнбеков эки күндүк жумушчу сапар менен Брюсселге 11-апрелде барган. Ал бүгүн Еврокеңештин президенти Дональд Туск, Европарламенттин спикери Антонио Таяни, Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини менен да жолугушту. (BkA)

XS
SM
MD
LG