Расмий Киевдин мындай планын президент Петро Порошенко бүгүн жарыялады.
- Украина эч качан КМШнын толук укуктуу мүчөсү болбогонун, ал Орусиянын агрессиясын айыптай албаганын эске алуу менен өкмөт менен кошо КМШнын уставдык органдарына катышууну расмий токтотуу боюнча сунуштарды даярдайбыз. Ага катар Минсктеги тиешелүү институттардагы украин өкүлчүлүктөрүн биротоло жабабыз, - деди ал.
Украин лидери ошондой эле Киевдеги коопсуздук форумунда ал Орусия менен Украинанын ортосундагы “Достук жана кызматташтык” келишиминин айрым беренелерин “тез жана бир тараптуу токтотуу” боюнча мыйзам долбоорун парламентке киргизерин да жарыялады.
Порошенконун айтымында, Киев ошол келишимдин Украинанын “улуттук кызыкчылыгына жана өзүн-өзү коргоо укугуна шайкеш” келбеген беренелерин токтотот.
2014-жылдын жазында Орусия Крымды аннексиялагандан кийин ошол жылдын апрелинен тартып Украина өлкөнүн чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарында Москва колдогон жикчил күчтөр менен согушуп келатат.
Андан бери куралдуу жаңжалдан 10 300дөн ашуун киши набыт болуп, 1,6 миллион киши үй-жайын таштоого аргасыз болду. (UE)