Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:03

Трамп: Сирия боюнча чечим жакын арада кабыл алынат


Дональд Трамп Сирия боюнча Ак үйдөгү жыйында. 9-апрель, 2018-жыл.
Дональд Трамп Сирия боюнча Ак үйдөгү жыйында. 9-апрель, 2018-жыл.

АКШ президенти Дональд Трамптын 12-апрелдеги билдирүүсүнө караганда, бүгүн бир нече кеңешмелер өтүүдө, алардын жүрүшүндө айрым чечимдер кабыл алынуусу керек, демек чечим "жакын арада болот".

Мунун алдында Трамп бүгүн “Твиттердеги” баракчасында “Сирияга сокку качан жасаларын эч убакта айткан эмесмин, абдан жакын арада болушу мүмкүн же такыр эле жакында эмес”,- деп жазган.

Ал эми француз президенти Эммануэл Макрон 12-апрелде аларда Сирияда химиялык курал колдонулганынын далилдери бардыгын айтып чыкты:

- Бизде өткөн аптада, дээрлик он күндөй мурда химиялык курал, кеминде хлор Башар Асаддын режими тарабынан колдонулганынын далили бар. Биз режимди химиялык куралды колдонуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуубуз керек. Чечимди бүткүл маалыматты текшергенден кийин кабыл алабыз,- деди Макрон FT1 телеканалы менен маегинде.

Бүгүн эле француз президенти жана Германия канцлери Ангела Меркел телефондон сүйлөшүп, Сирия маселесин талкуулашкан.

- Германия ыктымал аскерий чарага катышпайт, бул боюнча кандайдыр бир чечим да жок. Мен ушуну баса белгилеп кетейин. Бирок биз химиялык куралдын колдонулуусу кабыл алынгыстыгын көргөзгөн кандай нерсе болбосун жактайбыз, - деди Ангела Меркел өзү 12-апрелде кабарчыларга.

Сирияда Чыгыш Гута аймагынын козголоңчулар колундагы Дума шаарчасында 7-апрелде хлор газы колдонулган химиялык чабуулдан, активисттердин, оппозиция өкүлдөрүнүн, куткаруучулардын айтымында, кеминде 43 кишинин өмүрү кыйылган, арасында жаш балдар да бар.

Дамаск менен Москва "эч кандай химиялык чабуул болгон эмес" деп ырастап жатышат.

Орусия өз тарабынан Сирияга ракеталык сокку уруунун кесепети “өтө оор“ болорун эскерткен.

10-апрелде Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Сириядагы соңку химиялык чабуул катары болжолдонгон окуяны иликтөө маселесинде мунаса таба албай, туңгуюкка кептелген. (UE)

XS
SM
MD
LG