Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:48

Бурханов: Өлкөдөгү жайыттардын 80% бузулду


Суусамыр жайлоосу.
Суусамыр жайлоосу.

Кыргызстандагы жайыттардын дээрлик 80 пайызы деградацияга учурады. Бул тууралуу Токой жана жер пайдалануучулар ассоциациясынын төрагасы Айткул Бурханов “Азаттыкка” кабарлады.

Бурхановдун айтымында, Кыргызстанда жайыттын жалпы 80% деградацияга учураган. Арасында суу жууп кеткендери бар. Мунун алдын алуу максатында бүгүн Чүй дарыясынын боюна беш миң түп көчөт отургузулат. Бул иш-чара мамлекеттик “Кыргоол” мергенчилик чарбасы, Чүй токой чарба мекемеси менен чогуу уюштурулуп жатат.

Кыргызстанда ар кандай категориядагы 8-9 миллион гектар жайыт бар. (КЕ)

XS
SM
MD
LG