Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:23

"Берекет" базарындагы өрттөн жети киши жабыркады


Ош базарындагы өрт өчүргүчтөр.
Ош базарындагы өрт өчүргүчтөр.

Бишкектеги "Берекет" базарындагы өрттөн жети киши жабыркады. Алардын баары Өрткө каршы кызматтын адистери. Саламаттык сактоо министрлиги "Азаттыкка" кабарлагандай, алтоо иске ууланып, бири күйүп калган. Алар ооруканага жатуудан баш тартышты, жеринде аларга медициналык жардам берилди.

Ош базары тараптагы "Берекет" базарында 13-апрелде таңга жуук чыккан өрттөн болжол менен 2000 чарчы метр соода аймагы күйгөн. Тилсиз жоону өчүрүүгө 14 техника тартылып, 7:40та өчүрүлдү. Өрттүн себеби тактала элек. Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары журналисттерге "базар өрттөлгөн болушу мүмкүн" деген божомолду айтты.

Ушуну менен жыл башынан бери Ош базарынын аймагында үчүнчү ирет чоң өрт чыкты. 5-мартта "Сейтек" базарынын миң чарчы метр аянты күйгөн. 30-январда ушул эле соода түйүнүндө өрт чыгып, 108 күркө толугу менен өрттөнүп кеткен. (SЕ)

XS
SM
MD
LG