Линктер

бейшемби, 20-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 06:17

Бишкекте канализацияны оңдоону талап кылгандар пикетке чыкты


Канализацяны оңдоону талап кылып пикетке чыккандар.

Бишкектеги Тоголок Молдо көчөсүнүн айрым тургундары 13-апрелде мэриянын алдына пикетке чыгып, канализацияны оңдоону талап кылышты.

Уюштуруучулар "Азаттыкка" кабарлашкандай, алар жашаган аймакта жер үйлөрдө бир канча жылдан бери канализация жакшы иштебейт. Алар учурда оңдоло баштаган көчөнүн планына канализацияны түзөтүү иши кирбей калганын жүйө келтирип жатышат.

- Биз менен мэриядан эч ким чыгып сүйлөшкөн жок. Эми Капиталдык курулуш башкармалыгына барабыз, - деди пикетчилердин бири, Нургазы аттуу тургун.

Мэриядан бул боюнча комментарий алууга азырынча мүмкүн болгон жок.

Учурда Бишкек шаарында 13 көчө оңдолуп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG