Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:44

"Берекет" базарындагы өрт боюнча кылмыш иши козголду


"Берекет" базарындагы өрт. 13-апрель, 2018-жыл.
"Берекет" базарындагы өрт. 13-апрель, 2018-жыл.

Бишкектеги "Берекет" базарында чыккан өрт боюнча кылмыш иши козголду. Шаардык милициянын басма сөз катчысы Адыл Оморов билдиргендей, окуя Кылмыш-жаза кодексинин 174-беренеси ("Бирөөнүн мүлкүн атайын өрттөп жок кылуу") жана 238-беренеси ("Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу") менен иликтенип жатат.

Расмий маалыматка ылайык, өрт тууралуу 13-апрелде түнкү саат 3:50дө маалымат түшүп, ага 800 милиция кызматкери тартылган. 14 техника катышып, 7:40та өрт өчүрүлдү.

Тилсиз жоодон болжол менен 2000 чарчы метр соода аймагы күйгөн. Мебеби тактала элек. Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары журналисттерге базарга өрт коюлушу мүмкүн деген божомолду айтты.

Өрттөн жети киши жабыркады. Алардын баары Өрткө каршы кызматтын адистери. Саламаттык сактоо министрлиги "Азаттыкка" билдиргендей, алтоо иске ууланып, бири күйүп калган. Алар ооруканага жатуудан баш тартышты, жеринде аларга медициналык жардам берилди.

Ушуну менен жыл башынан бери Ош базарынын аймагында үчүнчү ири өрт чыкты. 5-мартта "Сейтек" базарынын миң чарчы метр аянты күйгөн. 30-январда ушул эле соода түйүнүндө өрт чыгып, 108 күркө толугу менен өрттөнүп кеткен. (SЕ)

XS
SM
MD
LG