Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:13

Пакистандын мурдагы премьери өмүр бою саясаттан четтетилди


Наваз Шарифтин тарапкерлери.
Наваз Шарифтин тарапкерлери.

Пакистандын Жогорку соту мурдагы премьер-министр Наваз Шарифке өмүр бою саясатка аралашууга тыюу салды. Беш судьядан турган соттук коллегия мындай чечимин 13-апрелде жарыялады. Чечим чыгаар алдында Исламабаддагы сот имараты катуу кайтарылып жатты.

Саясат талдоочулар соттун чечими жылдын аягында өтө турган парламенттик шайлоого таасирин тийгизиши мүмкүн экенин айтып жатышат.

68 жаштагы Наваз Шариф буга чейин үч жолу Пакистандын премьер-министри болуп иштеген. Ал өзүнө жана үй-бүлө мүчөлөрүнө тагылган коррупцияга байланыштуу айыптардан улам өкмөттөн кеткен.

Шарифке кылмыш иши "Панама барактары" долбоорунда ачыкка чыккан маалыматтардын негизинде козголгон. Ал документтерде Шариф жана анын жакындары оффшордогу компаниялар аркылуу Лондондо турак жай өңдүү кымбат мүлк сатып алганы көргөзүлгөн.

Шарифтин үй-бүлөсү бул кылмыш ишин "Пакистандын коопсуздук күчтөрү уюштурган кутум" деп мүнөздөгөн.

XS
SM
MD
LG