Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:55

Ооганстандагы соңку чабуулдардан 13 полициячы мерт болду


Шиндан району.
Шиндан району.

Ооганстандын Герат провинциясындагы "Талибан" кыймылы уюштурганы кабарланып жаткан чабуулдардан кеминде 13 коопсуздук кызматкери мерт болду. Жума күнү Шиндад районундагы бир нече саатка созулган атышуудан он полиция кызматкери окко учуп, төртөө жарадар болгонун райондун акими Шукрулла Шакер билдирди. Ал канча жоочу өлтүрүлгөнүн так айткан жок.

Жергиликтүү расмий өкүлдөр бул чабуул үчүн талибдерди күнөөлөп жатат. Бирок "Талибан" кыймылы азырынча бул окуя боюнча үн ката элек.

Мындан тышкары жумага караган түнү талибдер деп шек саналган жоочулар Пактия провинциясындагы бир нече полиция бекетине кол салып, андан кеминде үч тартип коргоо кызматкери мерт болду. Бул чабуулга "Талибан" кыймылы жоопкерчилик алды.

Бириккен Улуттар Уюмунун Кабулдагы миссиясынын маалыматына ылайык, 2018-жылдын алгачкы үч айында эле Ооганстанда 700дөн ашык жайкын тургун мерт болуп, 1,5 миңдейи жаракат алды.

XS
SM
MD
LG