Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:12

Москва соту "Телеграмды" жабууга буйрук берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Москванын Таганский райондук соту Орусиянын аймагында "Телеграм" социалдык түйүнүн жабуу тууралуу "Роскомнадзордун" өтүнүчүн канааттандырды. Судья Юлия Смолина 13-апрелдеги чечими менен "Телеграмды" жабуу процессин дароо баштоого уруксат берди.

Бүгүнкү соттук жараянга компаниянын өкүлдөрү келген жок. "Телеграмдын" негиздөөчүсү Павел Дуров соттук процессти "ачык оюн" деп мүнөздөп, юристтерин ага катышпоого үндөгөн. Бирок адвокаттар ишти караган судьяга кат жүзүндө өтүнүч келтирип, соттук жараянды башка күнү өткөрүүнү суранышкан.

Орусиянын байланыш, маалымат технологиялары тармагын көзөмөлдөгөн "Роскомнадзор" мекемесинин арызы жума күнкү соттук жараянда болгону 20 мүнөттүн ичинде каралып бүттү. Аталган мекеме "Телеграм" Орусиянын атайын кызматына социалдык түйүндүн колдонуучуларынын даректерине кирүү мүмкүнчүлүгүн берүүдөн баш тартканы үчүн сотко кайрылган.

"Эл аралык мунапыс" уюму бүгүнкү соттук жараяндын алдында "Телеграмдын" айланасындагы жагдайды орус бийлигинин Интернет эркиндигин чектөө аракети катары мүнөздөгөн.

XS
SM
MD
LG