Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:59

Нобель сыйлыгын ыйгарган академиянын туруктуу катчысы иштен кетти


Сара Даниус 2015-жылдан бери Швед академиясынын туруктуу катчысы болуп иштеп келген. 12.4.18.
Сара Даниус 2015-жылдан бери Швед академиясынын туруктуу катчысы болуп иштеп келген. 12.4.18.

Швециянын Адабият боюнча Нобель сыйлыгын ыйгарган академиясынын туруктуу катчысы өз кызматын тапшырды. Сара Даниус мындай чечимин бейшембиде академиянын мүчөлөрүнүн Стокгольмдогу үч саатка созулган жыйынынан кийин жарыялады. Ал академиянын ишенимине ээ болбой калганын айтты. Жетекчинин иштен кетиши академияда чоң чуу чыгып, анын айланасында иликтөө башталган маалга туш келди.

Мындай кырдаалга уюмдун кызматкерлеринин бири Катарина Фростенсон айымдын күйөөсү Жан-Клодом Арнонун жоругу түрткү болду. Ал "лауреаттардын ысымы жарыяланардан мурда башка адамдарга бул жашыруун маалыматты айтып турган жана кимдир-бирөөлөргө жыныстык ыдык көрсөткөн" деп айыпталууда. Айыпталуучу өзү бул дооматтарды четке кагууда.

Чуудан улам үч швециялык жазуучу абройлуу уюмдагы мүчөлүктөн чыгуу тууралуу арыз жазышты. Ошентип, академияда 18 мүчөнүн 11и гана калды. Байкоочулар бул окуя Нобель сыйлыгынын аброюна шек келтирерин белгилеп жатышат.

Швециянын падышасы Карл XVI Густав өлкө маданиятында маанилүү орду бар Академиядагы жаңжалды тезирээк жөнгө салууга чакырды.

XS
SM
MD
LG