Премьер-министр Сапар Исаков Бишкек менен Жалал-Абаддагы базарларда болгон өрттөн жапа чеккен ишкерлерди колдоо боюнча тийиштүү органдарга тапшырма берди.
Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Ички иштер министрлигине өрттүн себебин кылдат иликтеп, ага себепчи болгондорду жазалоо милдети жүктөлдү.
Андан тышкары, Сапар Исаков ишкерлерге мамлекет тараптан көмөк көрсөтүүнү вице-премьер-министр Дайыр Кенекеевге тапшырып, анын аткарылышын көзөмөлгө алууга буйрук берди.
Өкмөттүн жыйынында ички иштер министри Улан Исраилов "эки өрт тең атайын коюлганы тууралуу болжолдуу версия бар" экенин билдирген. Кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатат.
13-апрелге караган түнү Бишкектеги "Берекет" базарын өрт чалып, 2000 чарчы метр жери товарлары менен кошо күйүп кетти. Ушул эле күнү Жалал-Абаддагы борбордук базар да өрттөнүп, 1300 чарчы метрден ашуун соода аймагы күйдү. (SE)