Жалал-Абад облусунда быйыл жыл башынан бери кендерге байланыштуу он жолу нааразылык акциялары өттү. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Акылбек Мамасейитов 13-апрелдеги басма сөз жыйынында билдирди. Нааразылык митингдери Тогуз-Торо, Чаткал жана Ала-Бука райондорунда болгон.
Ушул өңүттөгү каршылык жыйындарынын бири 11-апрелде Тогуз-Тородо болду. Жүздөгөн адам жыйналып, "Джи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын жаңы салына баштаган имараты, курулушка пайдаланылган техника өрттөлдү. Ал окуя боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатат. (RsK)