Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:31

Президент Аскарбек Шадиевди кызматтан бошотту


Аскарбек Шадиев.
Аскарбек Шадиев.

Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Аскарбек Шадиевди биринчи вице-премьер-министр кызматынан бошоткон жарлыкка 13-апрелде кол койду. Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдиргендей, аны кызматтан алуу Конституциянын жана "Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндөгү" конституциялык мыйзамдын эрежелерине ылайык чечим кабыл алынды.

Шадиев биринчи вице-премьер-министр кызматынан кетүү жөнүндө арызды 6-апрелде жазган. Ал "Жогорку Кеңеште жоголгон акча боюнча иликтөө акыйкат жана бейтарап жүрүшү үчүн кызматынан кетүүнү туура көргөнүн" билдирген. Шадиев өз кадамын өкмөттүн ишине көлөкө түшүрбөө максаты менен түшүндүргөн.

Мурдараак Аскарбек Шадиев парламентте Чыңгыз Айматов атындагы сыйлыкка парламенттин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалышына байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча атайын кызматка сурак берип чыккан.

Башкы мыйзамдын жоболоруна ылайык, А.Шадиев Жогорку Кеңештеги депутаттык орунун сактап кала берет. (SE)

XS
SM
MD
LG