Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:53

"Кыргызстан" фракциясы өкмөттүн отчетун колдоду


"Кыргызстан" фракциясынын желеги.
"Кыргызстан" фракциясынын желеги.

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалицияга кирген “Кыргызстан” фракциясы Сапар Исаков жетектеген өкмөттүн 2017-жыл үчүн отчетун жактырды. Мындай чечим фракциянын жума күнкү жыйынында кабыл алынды.

“Кыргызстан” фракциясы өкмөттүн отчетун жактырган парламенттеги экинчи фракция болуп калды. Эки күн мурда бийликтеги КСДП фракциясы да министрлер кабинетинин бир жыл ичинде кылган иштерин колдогон.

Бүгүн оппозициядагы «Республика - Ата Журт» жана «Өнүгүү-Прогресс» фракциялары премьер-министр Сапар Исаковдун өзү келбегенине байланыштуу өкмөттүн отчетун угуудан баш тартканы кабарланган.

Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы "премьер-министр оппозициялык фракцияларга отчет берүүгө келбей койду" деген кабар чындыкка дал келбесин, Исаковдун жумушчу сапарынан улам анын ордуна отчет бере турган адам катары вице-премьер Дайыр Кенекеев дайындалганын билдирди.

40 жаштагы Сапар Исаков жетектеген өкмөт былтыр августта ишке киришкен.

XS
SM
MD
LG