Линктер

бейшемби, 21-июнь, 2018 Бишкек убактысы 12:31

Европа Биримдигинин Орусиядагы элчиси Маркус Эдерер үч жумадан кийин кайра Москвага кайтып барды. Британияда мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипал менен кызы Юлия ууландырылгандан кийинки Батыш өлкөлөрү менен Орусиянын ортосундагы чыңалуудан улам Евробиримдиктин элчиси Москвадан Брюсселге кеңешме үчүн чакыртылган.

Ал Москвага 12-апрелде кайтып барганын Евробиримдиктин басма сөз катчысы Мая Косиянчич "Азаттыкка" билдирди.

Орусиялык мурдагы чалгын офицери Сергей Скрипал менен анын кызы Юлиянын 4-мартта ууландырылганы үчүн расмий Лондон Москваны айыптаган жана "аларды ууландырууда адамдын нервин шал кылган “Новичок” деген уу зат колдонулган" деген бүтүмгө келген.

Москва Лондондун билдирүүсүн “далили жок” деп четке каккан. Буга жооп чара катары Британия АКШ жана Евробиримдикке мүчө өлкөлөр 150дөн ашык орус дипломаттарын өз аймактарынан чыгарган.

Апта башында Юлия Скрипал ооруканадан чыкканы, атасынын абалы да жакшырып бара жатканы белгилүү болду.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG