Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:00

ЧЛ: "Реал Мадрид" менен "Бавария" жарым финалда беттешет


Испаниялык "Реал Мадрид" менен германиялык "Бавария" футбол клубу Чемпиондор лигасынын жарым финалында беттеше турган болду. Жума күнү Швейцариянын Ньон шаарында өткөрүлгөн чүчү кулактын жыйынтыгына ылайык, экинчи жарым финалда англиялык "Ливерпуль" менен италиялык "Рома" финалга чыгуу үчүн күч сынашат.

Чемпиондор лигасынын 63 жылдык тарыхында "Реал Мадрид" менен "Бавария" 7-жолу жарым финалда беттешкени турушат. Бул эки команда бир да жолу бири-бирине каршы финалда ойношо элек.

"Ливерпуль" менен "Рома" 1984-жылы финалда беттешип, англис командасы италиялык футболчуларды өз үйүндө утуп кеткен.

Жарым финалдын биринчи айлампасы 24-25-апрелде, экинчиси 1-2-майда болот.

Чемпиондор лигасынын финалы болсо 26-майда Киевдеги "Олимпийский" стадионунда өтөт.

Соңку эки жылдан бери "Реал Мадрид" чемпиондукту бербей келатат.

XS
SM
MD
LG