Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:27

Трамп Сирияга абадан сокку башталганын жарыялады


Сирия. Дамаск шаары. Америка жана анын өнөктөштөрүнүн соккусу.14-апрель, 2018-жыл.
Сирия. Дамаск шаары. Америка жана анын өнөктөштөрүнүн соккусу.14-апрель, 2018-жыл.

АКШ президенти Дональд Трамп химиялык курал үчүн колдонулган өкмөттүк мекемелерге сокку уруу тууралуу буйрук бергенин жарыялады. Анын айтымында, Франция, Британия менен биргеликте башталган бул соккулар Сирия химиялык курал пайдаланууну токтотмоюнча уланат.

Бул тууралуу Трамп 13-апрелде элге кайрылуусунда билдирип, Орусия менен Иранды Асаддын "мыкаачы жана коркунучтуу" режимин колдоону токтотууга чакырды.

Сирияда Чыгыш Гута аймагынын козголоңчулар колундагы Дума шаарчасында 7-апрелде хлор газы колдонулду делген чабуулдан кеминде 43 кишинин өмүрү кыйылган.

Дамаск менен Москва Дума аймагында химиялык чабуул болбогонун айтып жатат.

XS
SM
MD
LG