Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши 13-апрелде Сириядагы кырдаалды талкуулады. Коопсуздук кеңештин чукул отуруму Орусиянын талабы менен өткөрүлдү.
Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя жыйында сөз сүйлөгөн учурда жергиликтүү жашоочулар "Думадагы химиялык чабуул тууралуу эч нерсе билбей турганын" айтты.
Өз өлкөсү Думадагы окуяларды Батыш мамлекеттеринин бири уюштурган "чагым" катары эсептей турганын белгиледи. ТАСС агенттиги бүгүн Орусиянын Коргоо министрлиги "Чыгыш Гутадагы химиялык чабуул делген чагымды уюштурууга Британиянын түздөн-түз катышканы тууралуу далилдерге ээ экенин" кабарлады.
Небензядан кийин АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли сөз алып, Орусия Коопсуздук кеңештин Башар Асадды химиялык курал колдонуудан баш тарттырууга багытталган резолюция долбоорлоруна көп жолу вето койгонун билдирди. Хейли Орусия Сирияда химиялык курал колдонууга тыюу салууга кепил болбой эле, Дамасктын жай тургундарга каршы мындай заттардын колдонулушуна жол берип жатканын белгиледи.
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш Сириядагы учурдагы кырдаал дүйнөгө жана эл аралык коопсуздукка олуттуу коркунуч туудуруп жатканына токтолду. Бул коркунучту жок кылуу – БУУга мүчө бардык мамлекеттердин жалпы милдети экенин айтты.
Сирияда Чыгыш Гута аймагынын козголоңчулар колундагы Дума шаарчасында 7-апрелде хлор газы колдонулду делген чабуулдан кеминде 43 кишинин өмүрү кыйылган.
Дамаск менен Москва Дума аймагында химиялык чабуул болбогонун айтып жатат.