Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:41

Бишкекте "Тоо-токой" экологиялык форуму өттү


Жалал-Абад шаары.
Жалал-Абад шаары.

"Тоо-токой" деп аталган экологиялык форумга атамекендик жана эл аралык эксперттер, мамлекеттик орган жана бизнес коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Алар Кыргызстандын экологиясынын абалын жакшыртуу маселесин талкуулады.

Иш-чара өкмөттүн "Таза Жашоо" улуттук кампаниясынын жана «Жаңы доорго кырк кадам» программасынын негизинде уюштурулган. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, «Тоо-токой» аталган программанын кыркынчы кадамы. Буга чейин анын алкагында коомдук угуулар да өткөрүлгөн.

Бүгүнкү экологиялык форумга премьер-министр Сапар Исаков да катышып, "өнөр жай объектилерин ишке киргизүүдө аларга абаны булгабоо боюнча катуу талаптарды коюшубуз керек. Биз бир эле учурда жаңы иш орундарын түзүү жана экологиялык абал тууралуу ойлонушубуз кажет" деп билдирди.

Өкмөттүн маалыматына караганда, мындай экологиялык форум Кыргызстанда алгачкы жолу өткөрүлүп жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG