Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:27

Германия өнөктөштөрүнүн Cириядагы аба соккуларын колдоду 


Ангела Меркель.
Ангела Меркель.

Германиянын канцлери Ангела Меркел 14-апрелде АКШ, Франция жана Британиянын Сириядагы ракеталык соккуларын кубаттады. Анын "аскердик операция химиялык куралга тыюу салуу жана Сирия бийлигинин мындан аркы туура эмес кадамдарынын алдын алуу үчүн зарыл" деген сөзүн "Немис толкуну" кабарлады.

Меркел чабуул "сириялык бийликтин химиялык курал колдонуу мүмкүнчүлүгүн чектөө максатында" жасалганын белгиледи:

- Биз БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү катары өздөрүнө жоопкерчилик алган америкалык, британиялык жана франциялык өнөктөштөрдүн чечимин колдойбуз. Германия бул багытта бардык дипломатиялык кадамдарды чечкиндүү түрдө кубаттайт, - деди Меркел.

АКШ, Франция жана Британия Сирияга химиялык куралдан улам абадан сокку урууга бүгүн эртең менен киришкен. Анын алдында Америка президенти Дональд Трамп соккулардын башталганын жарыялаган. АКШ жана анын өнөктөштөрү 7-апрелдеги Дума шаарындагы химиялык чабуул деген окуядан улам Сирияга жооп кайтаруу маселесин бир аптадан бери караштырып жаткан. Анда кеминде 43 кишинин өмүрү кыйылган, арасында балдар да бары айтылган.

Москва менен Дамаск бул окуяны “чагым” деп атап, эч кандай химиялык чабуул болбогонун билдирип келет.

XS
SM
MD
LG