Армениянын борбору Ереван шаарынын башкы аянтында миңдеген адамдар мурдагы президент Серж Саргсянга бийликти сактап калууга жардам берген өкмөттүк өзгөрүүлөргө каршы акцияга чогулушту.
Демонстрация президенттин бийлигин алсыратып, премьер-министрдин ыйгарым укуктарын бекемдеген жана үч жыл мурун кабыл алынган мыйзамдык өзгөртүүлөргө айланыштуу.
9-апрелдеги шайлоодо Армениянын жаңы президенти болуп Армен Саркисян шайланган. Бирок анын Серж Саргсян менен туугандык байланышы жок.
Мурдагы президент Серж Саргсяндын партиясы парламентте башкаруучу болуп саналат. Ал жакын арада премьер-министр болот деп күтүлүп жатат.