Линктер

дүйшөмбү, 15-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 18:35

НАТО, Түркия Сирияга аскерий соккуну колдоду


Йенс Столтенберг Брюсселдеги басма сөз жыйында. 14-апрель, 2018-жыл.

НАТОнун башкатчысы Йенс Столтенбергдин 14-апрелде айткандарына караганда, Түндүк Атлантикалык альянска мүчө 29 мамлекеттин баары Сирияга жасалган аба соккуларды колдойт жана аны Сирия өкмөтүнүн жарандарга каршы химиялык чабуулунун кесепети деп эсептейт.

Столтенберг ошондой эле бул соккулардын мааниси химиялык куралды колдонуу жазасыз калбай турганын кепилдөө экенин да белгиледи.

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган Стамбулдан сүйлөгөн учурунда Сирияда АКШ, Британия, Франция жүргүзгөн операцияга колдоо көргөзүп, бирок Сириянын режимин жоопкерчиликке тартуу үчүн дагы көп нерсе аткарылышы керектигине токтолду.

“Химиялык заттан шейит болгон адамдар белгилүү санда, бирок кадимки куралдан шейит болгондору андан көп”, - деди Эрдоган.

Британиянын премьер-министри Тереза Мэй 14-апрелдеги басма сөз жыйында, “жамааттык аракет эл аралык коомчулук химиялык куралдын колдонулушу менен келише албай турганын” ачык көргөзгөнүнө токтолду.

Франциянын коргоо министри Флоренс Парли Сириядагы буталарга биргелешкен аскерий сокку ийгиликтүү болгонун, миссиянын максаттары орундалганын билдирди.

АКШ, Британия, Франция Сирияга 14-апрелдин таңында сокку урду. Пентагондун маалыматы боюнча Сирияны карай 100 ашуун ракета атылып, бутага режимдин “химиялык курал программасына конкреттүү байланышы бар” жайлар алынды.

Бул арада Орусиянын талабы менен БУУнун Коопсуздук кеңеши бүгүн да чукул жыйынга чогулуп, анда Москва АКШ, Британия, Франциянын Сирияга каршы “агрессиясын” айыптаган резолюция долбоорун таратты.

АКШ жана анын өнөктөштөрү 7-апрелдеги соңку химиялык чабуул деген окуядан улам Сирияга жооп кайтарууну бир аптадан бери караштырып жаткан. Анда Дума шаарчасында хлор газы колдонулганда, оппозиция активисттеринин, жергиликтүү куткаруучулардын айтымында, 43 кишинин өмүрү кыйылган, арасында балдар да бар.

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун бүтүмү боюнча Думада мерт болгон 43 адам «өтө уулуу химиялык заттын таасирине шайкеш келген симптомдордон» жабыр тарткан. Москва менен Дамаск бул окуяны “чагым” деп мүнөздөп, эч кандай химиялык чабуул болгон эмес деп ырасташкан. (UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG