Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:29

Тажикстандагы кыргыз мектептерге китептер тапшырылды


Султан Жумагулов жана Жолдош Турдубаев.
Султан Жумагулов жана Жолдош Турдубаев.

Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов Тажикстандын Жерге-Тал районундагы кыргыз мектептерине "Манас", "Семетей", "Сейтек", Жеңижок жана башка маанилүү, көлөмдүү китептерди тапшырды.

Аталган мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, китептер учурда Кыргызстанда жашаган тажикстандык кыргыз, “Кут билим” гезитинин кызматкери Жолдош Турдубаевге берилди.

Жерге-Талда негизинен кыргыз улутундагы жарандар жашайт. Элүү орто мектептин кыркында балдар кыргыз тилинде билим алышат. (ZA)

XS
SM
MD
LG