Кыргызстанда 16-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.
Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, Жалал-Абад облустарында жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, тоо этектеринде, тоолуу райондордо жана Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7...12, күндүз 10...15;
Таласта түнкүсүн 7...12, күндүз 10...15;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9...14, күндүз 14...19;
Баткенде түнкүсүн 9...14, күндүз 14...19;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 3...8, күндүз 13...18;
Нарын облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 13...18 градуска чейин жогорулайт.
Бишкекте 16-апрелде мезгил-мезгили менен нөшөрлүү жаан жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 8...10, күндүз 13...15 градуска чейин жылуу болот.