Линктер

дүйшөмбү, 23-июль, 2018 Бишкек убактысы 06:08

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун аймагында болгон жол кырсыктан Боз-Учук айыл өкмөтүнүн башчысы Кыдыр Тыналиев каза тапты. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ак-Суу районунун акими Улан Дөкөнбаев билдирди.

Жол кырсык 14-апрелге караган түнү саат 03:00 чамасында болгон. Тыналиев Энчилеш айылы тараптан жалгыз келатып рулду башкара албай, жол четине чыгып кеткени айтылууда.

30 жаштагы Кыдыр Тыналиев Боз-Учук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп эки жылдан ашык убакыт эмгектенген. Артында жубайы жана үч баласы калды. (AsM)

XS
SM
MD
LG