Ооганстандын чек ара полициясы менен Пакистандын аскердик чек ара кызматы эки өлкөнүн талаштуу аймагында кагылыша кеткен. Бул тууралуу Ооганстан менен Пакистандын расмий өкүлдөрү кабарлады.
Ооганстандын коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү "Азаттык" үналгысынын ооган кызматына билдиргендей, 15-апрелде өлкөнүн чыгышында орун алган Хост провинциясындагы Зази-Майдан районунда болгон кагылыштан Пакистандын алты чек арачысы өлдү. Окуядан Ооганстандын бир чек арачысы каза таап, дагы экөө жарадар болгон. Ошондой эле бир жергиликтүү тургун көз жумган.
Хост провинциясынын полиция башчысы Абдул Ханандын айтымында, кагылышуу Пакистандын аскерлери жергиликтүү элдин жана коопсуздук күчтөрүнүн эскертүүлөрүнө көңүл бурбай, чек арадан өтүп келишкенде тутанган.
Ал эми Пакистандын расмий мекемеси тараткан билдирүүдө аскерлер адаттагыдай эле чек араны бойлой байкоо салып жүргөн кезде аларга ок атылганы жана окуядан эки жоокер каза тапканы айтылат.
Ооганстан чек ара бекеттеринен ары-бери өткөн жарандарына кол салат деп Пакистан армиясын айыптап жүрөт.