Екатеринбургдук иликтөөчү журналист Максим Бородин 12-апрелде өз батиринин терезесинен кулагандан кийин алган жараатынан айыга албай бүгүн ооруканада каза тапты.
32 жаштагы Максим Бородиндин өлүмү расмий өз өмүрүнө кол салуу катары каралып жатат.
Бирок Бородин иштеп келген "Новый день" басылмасынын редактору Полина Румянцева окуя болгон күнү Бородин өз өмүрүнө кол салды дегенге ишенбей турганын айткан.
Бородин кылмыштуулук жана жемкорлук тууралуу темаларды тынымсыз көтөрүп келген.
Акыркы кезде ал февраль айында Сирияда каза тапкан орусиялык жалданма аскерлер тууралуу көп жазып жүргөн.